Бир аскер шейит болду

ПКК террордук уюмунун мүчөлөрү тарабынан атылган октон жөө аскер, улук сержант Эмре Севинч жаракат алды.

1905428
Бир аскер шейит болду

Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн «Чеңгел  -  Кулпу» операциясы жүргүзүлгөн аймакта бир аскер жикчил террордук уюмдун мүчөлөрү аткан октон  шейит болду. Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда бүгүн «Чеңгел  -  Кулпу» операциясы жүргүзүлгөн аймакта ПКК террордук уюмунун мүчөлөрү тарабынан атылган октон жөө аскер, улук сержант Эмре Севинч жаракат алды.

Севинчтин дароо ооруканага алып барылгандыгы, бирок бардык жардамдарга карабастан шейит болгондугу билдирилди.

Шейит Эмре Севинчтин каны жерде калган жок.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Севинчти шейит кылган ПККнын 6 террористи кол салуу жасаган аймактан качып чыга электе таасирсиз абалга келтирилгени билдирилди.

Билдирүүдө : "Биз шейиттерибиздин канын жерде калтырган жокпуз, калтырбайбыз»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар