Столтенберг бүгүн Түркияга келет

Баш катчы, эртең Стамбулда президент Эрдоган менен жолугушат.

1901370
Столтенберг бүгүн Түркияга келет

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг бүгүн Түркияга келет.

НАТОнун билдирүүсүнө караганда Столтенберг Түркиядагы жолугушууларында президент Режеп Таййип Эрдоган, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен жолугушат.

Чавушоглу менен бүгүн маалымат жыйын өткөрө турган баш катчы, эртең Стамбулда президент Эрдоган менен жолугушат. Столтенберг ошол эле күнү Чанаккалеге да барат.

Столтенбергдин жолугушууларында Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк процесси менен бирге Орусия-Украина согушуна байланыштуу окуялардын каралышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар