Чавушоглу: «Биз жоопторубуз менен Афина пропагандасынын кыйраганын көрө баштадык»

Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн «Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңиз боюнча Түркиянын тышкы саясаты» аттуу панелде билдирүүлөрдү жасады.

1901108
Чавушоглу: «Биз жоопторубуз менен Афина пропагандасынын кыйраганын көрө баштадык»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Греция менен Эгей аралдары боюнча чыңалуу тууралуу: «Бизди жээгибизде камап койгон болоору болду деген нерсени таптакыр кабыл албайбыз. Грециянын аба мейкиндиги боюнча дооматтары да өзүнчө бир маселе»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн «Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңиз боюнча Түркиянын тышкы саясаты» аттуу панелде билдирүүлөрдү жасады.

Эгейдеги чыңалууга байланыштуу министр Чавушоглу: «Биздин жооптор Грециянын кыжырын келтирди. Алар биздин юридикалык аргументтерибизге абдан ыңгайсыз болду»,-деди.

Чавушоглу бул жооптор менен Афина пропагандасынын кыйраганын көрө баштаганын айтты.

Чавушоглу: «Бизди жээгибизде камап койгон болоору болду деген нерсени таптакыр кабыл албайбыз. Грециянын аба мейкиндиги боюнча дооматтары да өзүнчө бир маселе»,-деп айтты.

Грециянын азчылыктардын укуктарын жана эркиндиктерин тебелегенин белгилеген Чавушоглу : «Алар Европа Адам укуктары сотунун (ЕАУС) чечимдерин аткарбай жатышат»,-деди.

Жыйындан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берген тышкы иштер министри: «Түркия менен беттешүүнүн эмне экенин абдан жакшы билишет»,-деди.

АКШнын Грециядагы базаларына байланыштуу Чавушоглу: «Алар Орусияга каршыбыз дешет, бирок бул ынандырарлык эмес. АКШнын таразасы жана тартуусу талкаланды. Булардын Грецияны чечимден алыстатып жатканын да айттык»,- деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар