Эрдоган-Эмбало сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Түркия-Гвинея-Бисау карым-катнаштарын өнүктүрүү кадамдары жана аймактык маселелер каралды.

1900421
Эрдоган-Эмбало сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Гвинея-Бисаунун президенти Умаро Сиссоко Эмбало менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Түркия-Гвинея-Бисау карым-катнаштарын өнүктүрүү кадамдары жана аймактык маселелер каралды.

Эки лидер сүйлөшүүдө аскердик жана коргоо өнөр жайы, ошондой эле соода-экономикалык алакаларды өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Түркия Маариф фондунун Гвинея-Бисауда кура турган мектеп үчүн жер бөлүнүп берилгенине кубанычта экенин айтты.

Президент Эрдоган Батыш Африка өлкөлөрүнүн Экономикалык коомчулугунун (ECOWAS) кезектеги төрагасы Гвинея-Бисаунун президенти Эмбалонун аймакта ырааттуулук жана тынчтыкты орнотуу аракетине ыраазычылыгын билдирди.



Тектеш кабарлар