Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын  Тим Барроу менен телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүдө  Түркия  - Бириккен Королдуктун ортосунда саясий жана экономикалык карым  - катнаштар, коргонуу өнөр жайы тармагындагы кызматташуу, Россия  - Украина согушу талкууланды.

1899273
Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын   Тим Барроу менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Бириккен Королдуктун Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси  Тим Барроу менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин басма сөз катчылыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө  Түркия  - Бириккен Королдуктун ортосунда саясий жана экономикалык карым  - катнаштар, коргонуу өнөр жайы тармагындагы кызматташуу, Россия  - Украина согушу, Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүк процесстери менен аймактык темалар талкууланды.

Эки стратегиялык өнөткөш жана НАТОнун шериктеши катары Түркия менен Бириккен Королдуктун коргонуу өнөр жайы жана башка бир топ тармакта уланып жаткан кызматташуусунан ыраазы экендери билдирилген сүйлөшүүдө эки өлкөнүн жаңы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышы керектиги тууралуу да макулдашылды.

Түркиянын НАТОдогу ролуна көңүл бурулган сүйлөшүүдө өзгөчө шериктештердин орток коопсуздук тобокелдиктерге, каршы чыгууларга жана бардык террордук коркунучтарга каршы тилектештик ичинде аракет кылышы керектиги да баса белгиленди.

Швеция жана Финляндиянын үч тараптуу меморандумда жазылган милдеттерин орундатуулары керектиги, бул жагдайда ташталган кадамдарды Түркиянын иликтегендиги билдирилген сүйлөшүү тууралуу булар айтылды : «Россия  -  Украина согушунун күч алышы жана ок атышпоо үчүн өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн токтошунан улам тынчсыздануу билдирилди. Бул согуштун созулушу глобалдык тынчтык жана туруктуулукка олуттуу зыян келтириши мүмкүн экендигине басым жасалды. Глобалдык экономика, энергетика, азык  - түлүк коопсуздук жана башка тармактарда согуштун чыгымдарын азайтуу үчүн бардык дипломатиялык аракеттин мааниси баса белгиленди.

Украинанын эгемендүүлүгү жана жеринин бүтүндүгүнүн негизинде чечүү үчүн дипломатия жолунун ачылышы жана сүйлөшүүлөрдүн кайрадан жанданрылышы керектиги айтылды. Түркиянын бул процессте алган жоопкерчилиги белгиленип, Стамбул меморандумунун мөөнөтүн узартуу менен дипломатиялык чечим аракетин чечкиндүү түрдө уланта турганы белгиленди».

 



Тектеш кабарлар