Израилдин коргоо минстри Түркияга келди

Израилдин коргоо министри Бенни Ганц оболу Аныткабирди зыярат кылды.

1898529
Израилдин коргоо минстри Түркияга келди
benny gantz-hulusi akar.jpg
benny gantz anitkabir.jpg

Израилдин коргоо министри Бенни Ганц расмий сапар менен Түркияга келди.

Бенни Ганц  борбор шаар Анкарада оболу Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзү жайгашкан Аныткабирди зыярат кылды.

Коштоосундагы делегация менен Арстандуу жолдон өтүп Ататүрктүн мавзолейине барган Ганц бул жерге гүлчамбар коюп, бир мүнөтүк эскерүүдө болду.

Аныткабирдин атайын дептерине да кол жазмасын калтырган Ганцты андан кийин улуттук коргоо министри Хулуси Акар  министрликте аскердик азем менен тосуп алды. Эки министрдин жекеме  - жеке жолугушуусунан кийин Акар менен Ганц жетекчилик кылган делегациялар аралык жолугушууга өтүлдү.

 

 



Тектеш кабарлар