Акар телефон аркылуу Резников жана Уоллес менен сүйлөштү

Сүйлөшүүлөрдө Украинадагы акыркы абалдар боюнча өз ара пикир жана маалымат алмашуу болду.

1896737
Акар телефон аркылуу Резников жана Уоллес менен сүйлөштү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Украина жана Британиянын коргоо министрлери менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрликтин билдирүүсүндө: «Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Украинанын коргоо министри Алексей Резников жана Британиянын коргоо министри Бен Уоллес менен сүйлөшүү өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдө Украинадагы акыркы абалдар боюнча өз ара пикир жана маалымат алмашуу болду»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар