Чавушоглу суроолорго жооп берди

Министр Чавушоглу Мерсинде бир жыйынга катышты.

1896109
Чавушоглу суроолорго жооп берди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) чечилбестиктин чордону экенин билдирди.

Мерсиндеги жыйында, Армениянын Азербайжан чек арасында ЕККУнун баа берүү тобун дайындоосуна байланыштуу көз карашы суралганы боюнча Чавушоглу, Азербайжандын басып алынган жерлеринин бошотулушунун ЕККУ-Минск үчилтигинин аракетинин негизинде болбогонун, алардын 30 жыл алагды кылгандарын айтты.

Бул көйгөй 30 жылдан бери чечилбей турганда ЕККУнун «консенсуска келе алган жокпуз» деген шылтоосун билдиргендигин белгилеген Чавушоглу: «Азыр ал аймакка байкоочуларды же кандайдыр бир делегацияны жөнөтүүдө Азербайжандын пикирин да сурап коюшпайт. Бул консенсус менен кабыл алынат»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу маселенин 30 жылдан бери чечиле албашынын себебинин да ЕККУ үчилтигинин бир тараптуу б.а Арменияны жактагандыгын көрсөттү.

Чындыктарды айткандарын баса белгилеген Чавушоглу: «ЕККУ чечилбестиктин чордону болду. Азыр кабыл алган чечимдер ЕККУнун иш эрежелерине да каршы келет»,-деди.

АКШнын ОПЕК жана ОПЕК+ тобунун ноябрь айынан тарта күнүмдүк мунай өндүрүүнү кыскартуу чечимине карата реакциясы тууралуу суроого да Мевлүт Чавушоглу, энергетика баасына таасир эткен көптөгөн факторлор бар экенин, негизги себебинин Украинадагы согуш жана энергияны курал катары колдонууга аракет кылуу экенин айтты.

Мунайдын баасынын көтөрүлгөнүн, бирок акыркы учурда төмөндөө байкалганын белгилеген тышкы иштер министри: «Баалардын төмөндөшүн кааласаңыз рынокко продукция сунуштай турган өлкөлөргө эмбаргону алып салыңыз. Бир өлкөнү эле (Сауд Арабияны) коркутуу менен бул маселени чече албайсыңар»,-деди.



Тектеш кабарлар