Стамбул аэропортторунда жүргүнчүлөрдүн саны өсүүдө

Стамбул жана Сабиха Гөкчен аэропортторунда кабыл алынган жүргүнчүлөрдүн санында олуттуу өсүш болду.

1895410
Стамбул аэропортторунда жүргүнчүлөрдүн саны өсүүдө

Стамбулдагы аэропорттор 9 айда жүргүнчү санын 27,5 миллионго көбөйттү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында жалпы 70 миллион 124 миң 741 киши саякаттаган Стамбулдагы аэропорттордо жүргүнчүлөрдүн көрсөткүчү 27 миллион 487 миң 713 деп эсептелди.

Өткөн жылга салыштырмалуу бул мезгилде Стамбул жана Сабиха Гөкчен аэропортторунда кабыл алынган жүргүнчүлөрдүн санында олуттуу өсүш болду.

Мамлекеттик аэропорттор башкармалыгынын (DHMI) интернет сайтындагы маалыматка караганда, быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында Стамбул аэропортун 47 миллион 571 миң 888 жүргүнчү колдонду.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу жүргүнчүлөрдүн саны ички каттамдарда 62 пайызга, эл аралык каттамдарда 102 пайызга өстү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында Сабиха Гөкчен аэропортун болсо 22 миллион 552 миң 853 киши колдонду.

Жүргүнчүлөрдүн саны ички каттамдарда 5 пайызга азайып, эл аралык каттамдарда 98 пайызга өстү.

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Стамбул аэропортторундагы учууларда да өсүү уланды.

Быйыл Стамбул аэропортундагы каттамдардын саны өткөн жылга салыштырмалуу болжол менен 63 пайызга өсүп 313 миң 778ге жетти.

Сабиха Гөкчен аэропортунда болсо 9 айлык мөөнөттө 148 миң 724 каттам уюштурулду.

Бул мезгилде Ататүрк аэропортунда 20 миң 825 каттам жүргүзүлдү.



Тектеш кабарлар