Түркия Алжир декларациясына ыраазы
Тышкы иштер министрлиги темага байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.
Түркия палестиналык топтордун ортосунда өткөрүлгөн улуттук жарашуу конференциясынын оң жыйынтыгына канааттанганын маалымдады.
Тышкы иштер министрлигинин бул темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 12-13-октябрда Палестина топторунун ортосунда Алжирдин көзөмөлүндө өткөрүлгөн улуттук жарашуу конференциясынын оң натыйжасына ыраазы экендиктери айтылып, Түркия да ар дайым колдоп келген палестиналыктардын ортосундагы жарашуу процессине Алжирдин кошкон салымы жогору бааланды.
Билдирүүдө конференциянын соңунда кабыл алынган декларациянын палестиналык топтордун ортосундагы акыркы биримдик үчүн ылайыктуу негиз болгону, өзгөчө шайлоонун өткөрүлүшү менен бирге декларацияда жазылган кадамдардын ишке ашырылышынын үмүт кылынганы белгиленди.
Алжирде чогулган палестиналык топтор, кечээ макулдашкан «Алжир декларациясына» азем менен кол коюшту.
Аземге 14 палестиналык топтун өкүлдөрү жана Алжирдин президенти Абдулмежид Теббун катышты.
Тектеш кабарлар
Эрдоган: «Нетаньяху геноцид ыкмалары менен Гитлерди да кызгандыра турган деңгээлге жетти»
Президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын Kathimerini гезитине маек берди.