Киришжи: "Дан эгиндеринин жакыр өлкөлөргө өтүшүн камсыз кылабыз"

Министр Киришжи Балыкесирдеги иш-чарада сөз сүйлөдү.

1893057
Киришжи: "Дан эгиндеринин жакыр өлкөлөргө өтүшүн камсыз кылабыз"

Айыл чарба жана токой чарба министри Вахит Киришжи, Украина портторунан дан ташуунун Түркия аркылуу жакыр өлкөлөргө өтүшүн камсыз кыла тургандарын айтты.

Министр Киришжи Балыкесирдеги иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө, дан коридорунан өткөн түшүмдүн 49 пайызынын Европа өлкөлөрүнө кеткенин баса белгилеп, Орусиянын президенти Владимир Путин жана президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан күн тартибине коюлган «Дан коридору аркылуу өткөн айыл чарба продукциялары жакыр өлкөлөргө барбай эле» деген сөздөргө баа берди.

«Буюрса биз өз өлкөбүздөн жакыр өлкөлөргө (данды) өткөрөбүз» деген Киришжи: «Муктаж өлкөлөр бул азыктарды ун, булгур жана макарон катары колдонушат; ал иштердин Түркияда жасалышы бул тармактагы өнөр жайыбызга да оң таасирин тийгизет»,-деди.

Министр Киришжи, орус жаратылыш газынын Түркия аркылуу Европага бөлүштүрүлүшүнүн негизинде да геосаясий артыкчылыктын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалана тургандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар