Эрдоган Стамбулдагы Зейтинбурну улуттук сейил багынын расмий ачылышына катышты

Зейтинбурну улуттук сейил багы 63 миң чарчы метр аянтка курулган.

1893093
Эрдоган Стамбулдагы Зейтинбурну улуттук сейил багынын расмий ачылышына катышты

Өткөн жылы пайдаланууга берилген Стамбулдагы Зейтинбурну улуттук сейил багынын расмий ачылышы президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда өткөрүлдү.

Балдар жана спорт аянтчалары, велосипед жана жөө жолдор, жашыл аянтчалар, декоративдүү бассейндер жана социалдык объектилер менен 63 миң чарчы метр аянтка курулган, 2021-жылы 3-ноябрда иш жүзүндө пайдаланууга берилген Зейтинбурну улуттук сейил багынын ачылышы болду.

Эрдоган ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Стамбулдун соода, маданият жана ишенимдин эң маанилүү борбору экенин баса белгилеп: «Стамбул биздин өлкөнүн гана эмес бүткүл аймактын, бүткүл дүйнөнүн сүйүктүү шаары»,- деди.

Бир тараптан өлкө боюнча 500 миң турак жай, 1 миллион жер жана 50 миң жумуш орду менен жаңы акция баштагандарын айткан президент: «Түркияга ушул убакка чейин 1 миллион 170 миң социалдык турак жай алып келген өкмөт катары бул өнөктүк менен биринчи жолу миллиондогон жарандарыбызды үй ээси кылабыз деп үмүттөнөм»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар