Хулуси Акар : "Түркия Ливияда чет элдик күч эмес"

Хулуси Акар Ливиянын борбор шаары Триполиде Улуттук Биримдик Өмөтүнүн спикери Абдулхамид Дибейбе менен жолугушуусунда  эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштарга баа берди.

1887999
Хулуси Акар : "Түркия Ливияда чет элдик күч эмес"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар түрк куралдуу күчтөрүнүн Ливияда чет элдик күч эмес экендигин айтты.

Хулуси Акар Ливиянын борбор шаары Триполиде Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн спикери Абдулхамид Дибейбе менен жолугушуусунда  эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштарга баа берди.

Түркия менен Ливиянын ортосунда  2019 -  жылы кол коюлган келишимдин маанисине токтолгон Акар бул келишимдердин эки өлкөнүн достук, боордоштук, орток тарых жана орток баалуулуктардын такталган мисалы экендигин белгиледи.

Ливияда кээде «Түркиянын чет элдик күч» катары күн тартибине келгенин эске салган Улуттук коргоо министри : «Түрк куралдуу күчтөрүнүн элементтери бул жерде чет элдик күч эмес. Биз бул жерде Ливиянын дос жана боордош өлкөнүн элементибиз»,- деди.

Ливияда тынчтыктын эртерээк түзүлүшү Түркиянын эң чоң каалоосу экендигин айткан Акар тынчтык жана туруктуулук үчүн шайлоонун өткөрүлүшү керектигине көңүлдөрдү бурду.



Тектеш кабарлар