Президент Эрдоган Изникте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылуу аземине катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Адамзаттын миңдеген жылына тамгасын баскан көчмөндөр маданиятынын жок болуп кетишине макул эмеспиз»,- деди.

1886523
Президент Эрдоган Изникте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылуу аземине катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Адамзаттын миңдеген жылына тамгасын баскан көчмөндөр маданиятынын жок болуп кетишине макул эмеспиз»,- деди.

Президент Эрдоган Изникте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылуу аземине катышты.

Көчмөндөр оюндарынын биринчиси 2014 -  жылы, 2016 – 2018 -  жылы да Кыргызстанда өткөндүгүн айткан Эрдоган коронавирус эпидемиясынан улам 2020 -  жылы кечеңдетилген оюндардын төртүнчүсүнүн «тарыхый, табияты кооз Изник шаарында» башталгандыгын айтты.

Көчмөндөр маданиятынын адамзат тарыхынчалык эски экендигине көңүлдөрдү бурган Эрдоган буларды айтты : «Миңдеген жылдар бою адамзат коомдору ар кандай себептерден улам өз жерлерин таштап, башка географияларда жаңы жашоо мейкиндиктерин издеп келишкен. Ошол сыяктуу, белгилүү бир географияда тынымсыз же мезгилдерге жараша ордун алмаштыруу менен жашоосун уланткан коомдор бар. Бул узак сапарларда жолуккан коомдор бири-бирине таасир эткен. Маалымат каражаттары жана коммуникация каражаттары дүйнөнү кичинекей айылга айландырса да, көчтөр дагы эле маданияттын жана адамдык мамилелердин эң эффективдүү алып жүрүүчүсү».

Миңдеген жылдар бою адамзатка из калтырган бул маданияттын жок болушуна макул боло албастарын билдирген Эрдоган : «Бул үчүн керек болсо ачылышын аткарган оюндар менен керек болсо ушуга окшогон башка иш – чаралар менен көчмөндөр маданиятынын түрдүү жактары менен жашатылышында чоң пайда көрүп жатабыз. Көчмөндөр оюндарын дүйнөлүк масштабда жайган бул уюштурууну да адамзаттын эзелки мурасын келечектеги муундарга калтыруу миссиясы менен маанилүү деп эсептеймин»,- деди.

Президент Эрдоган 4 -  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизинде Изникке келген Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар жана Казакстандын парламент спикери Ерлан Кошанов менен өз  - өзүнчө жолугушту. 

 



Тектеш кабарлар