Түрк аба жолдорунун арзан баада учуу мүмкүнчүлүгү

THYнын басма сөз кызматы билдирүү жасады.

1882299
Түрк аба жолдорунун арзан баада учуу мүмкүнчүлүгү

Түрк аба жолдорунун (THY) жүргүнчүлөрү Стамбулдан Балкан өлкөлөрүндөгү жана Түштүк Европадагы 32 жерге 119 доллардан башталган баалар менен уча алышат.

THYнын басма сөз кызматы тарабынан жасалган билдирүүдө, чектелген орундуктар үчүн жарактуу болгон арзандатуудан пайдалангысы келген жүргүнчүлөр 2022-жылдын 20-30-сентябрында сатып ала турган билеттери менен 2022-жылдын 1-ноябрынан 2023-жылдын 31-мартына чейин баардыгы камтылган 119 доллардан башталган учуу артыкчылыгына ээ болушат.

Билдирүүдө бардыгы камтылган 119 доллардан башталган акынын THYнын расмий сайтындагы бааларда жарактуу экени, акциядан пайдалангысы келген жүргүнчүлөрдүн www. turkishairlines.com веб-сайтынан же 444 0 849 телефонуна чалып кеңири маалымат ала тургандары белгиленди.



Тектеш кабарлар