Эрдоган өлкөгө кайтып келди
Эрдогандын үч күндүк Балкан сапары аяктады.
1877723
Президент Режеп Таййип Эрдоган үч күндүк Балкан сапарын аяктап өлкөгө кайтып келди.
Босния-Герцеговина, Сербия жана Хорватияда жолугушууларды өткөргөн президент Эрдоган жана аны коштогон делегация кечинде Түркияга келди.
Эрдоган Хорватиядан кетер алдында премьер-министр Андрей Пленковичти кабыл алды.
Президент Эрдоган Балкан сапары тууралуу социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.
Босния-Герцеговина, Сербия жана Хорватияны камтыган үч күндүк Балкан сапарын аяктаганын белгилеген Эрдоган, жолугушууларынан кыскача видео менен Түркия жана үч Балкан өлкөсүнүн желектерине да орун берди.
Эрдоган: «Тамыры терең тарыхый, адамдык жана маданий байланыштары бар Балкан өлкөлөрүндөгү боордошторубуз менен ар дайым биргебиз»,-деди.