Министрлер Пакистанга барышат

Делегация муссон жамгырларынан жабыркаган аймактагы гуманитардык жардам иштерин жана муктаждыктарын жеринде аныктайт.

1874726
Министрлер Пакистанга барышат
murat kurum.jpg

Пакистанда селдин кесепеттеринин ордун толтуу аракеттери көрүлүүдө.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу менен экология, шаар куруу жана климаттык өзгөрүү министри Мурат Курум да бүгүн аймакка барат.

Алынган маалыматка караганда Сулайман Сойлу менен Мурат Курум президент Режеп Таййип Эрдогандын көрсөтмөсү менен Пакистанга барышат.

Эки министрди апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) төрагасы Юнус Сезер, Массалык турак жай башкармалыгынын (TOKİ) төрагасы Өмер Булут жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү коштойт.

Делегация муссон жамгырларынан жабыркаган аймактагы гуманитардык жардам иштерин жана муктаждыктарын жеринде аныктайт.

Түркия селден жапа чеккен Пакистанга абадан жана кургактыктан көп сандагы жардам материалдарын жөнөтүүдө.



Тектеш кабарлар