Эрдоган сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү
Эрдоган: "Түркия глобалдык экономикалык кризисти мүмкүнчүлүккө айландырууда эң ийгиликтүү өлкө"
1871901
![Эрдоган сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/20f7/8d95/ec38/63061149e6aa6.jpg?time=1718816109)
Президент Режеп Таййип Эрдоган, глобалдык экономикалык кризисти мүмкүнчүлүккө айландырууда эң ийгиликтүү өлкөнүн Түркия экенин айтты.
Эрдоган борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн «Чет өлкөлөрдөгү подрядчылык кызматтарынын жетишкендиктерин сыйлоо аземинде» сөз сүйлөдү.
Президент: «Дүйнөлүк экономикалык кризистен эң көп жабыр тарткан тармактардын башында подрядчылык секторунун турганына карабастан компанияларыбыздын өлкөбүздү ийгиликтүү өкүлдүк кылууну улантып жаткандарына кубанычтабыз»,-деп айтты.
Президент Эрдоган: «(Эл аралык подрядчылык кызматтары) Өлкөбүздүн үлүшүн биринчи кезекте 75 миллиард долларга жеткирүүнү биргелешип максат кылышыбыз керек»,- деди.