Чавушоглу сириялык оппозиция лидерлери менен жолугушту

Министр Чавушоглу сириялык оппозиция лидерлери Муслат, Жамус жана Мустафа менен жолукканын Твиттер эсебинен бөлүштү.

1871946
Чавушоглу сириялык оппозиция лидерлери менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Сириянын оппозициячыл жана төңкөрүшчүл күчтөр улуттук коалициясынын (СОТК) төрагасы Салим ел-Муслат, сүйлөшүү комиссиясынын төрагасы Бедир Жамус жана Сириянын убактылуу өкмөтүнүн төрагасы Абдуррахман Мустафа менен жолугушту.

Министр Чавушоглу сириялык оппозиция лидерлери Муслат, Жамус жана Мустафа менен жолукканын Твиттер эсебинен бөлүшүп: «Оппозициянын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2254 резолюциясынын алкагында саясий процесске кошкон салымын баалайбыз жана колдойбуз»,-деди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши тарабынан 2015-жылдын декабрь айында бир добуштан кабыл алынган 2254-резолюцияда Сириянын бүтүндөй аймагында чукул ок атышпоонун камсыздалышы жана муну менен катар саясий сүйлөшүүлөрдүн башталышы;  эки жылдын ичинде «Биримдик өкмөтүн» түзүү, андан кийин шайлоо өткөрүү талабы коюлган.



Тектеш кабарлар