Мевлүт Чавушоглу кыргыз кесиптеши Жээнбек Кулубаев менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү

Министр Чавушоглу  кесиптеши Жээнбек Кулубаев менен борбор шаар Анкарадагы эки тараптуу жолугушуудан кийин өткөргөн биргелешкен пресс  - жыйында сөз сүйлөдү.

1869239
Мевлүт Чавушоглу  кыргыз кесиптеши Жээнбек Кулубаев менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кыргызстандан Түркияга чейин бардык боордош өлкөлөр ичинде болгон аймакты логистикалык жактан бир борбор кылууну максат кылгандарын айтты. 

Министр Чавушоглу  кесиптеши Жээнбек Кулубаев менен борбор шаар Анкарадагы эки тараптуу жолугушуудан кийин өткөргөн биргелешкен пресс  - жыйында сөз сүйлөдү.

Жолугушууда эки тараптуу карым  - катнаштар менен бирге эки өлкөнүн ортосунда кол коюлган  келишимдердин жана сөз болгон маселелердин изилденгендигин айткан Чавушоглу кол коюлушу мүмкүн болгон жаңы келишимдердин да каралгандыгын билдирди. 

Карым - катнаштардын дагы да өнүктүрүлүшү сөз болгондугун белгилеген Чавушоглу, транспорт жана жүк ташуу тармагында таштала турган конкреттүү кадамдарга көңүл буруп : "Түрк Мамлекеттери Уюму катары өзгөчө жүк ташуу жана транспорт тууралуу маселелерди чечүү, тоскоолдуктарды жоюу үчүн иштеп жатабыз. Кыргызстандан Түркияга чейин бардык боордош өлкөлөр ичинде болгон аймакты логистикалык жактан борбор кылууну максат кылуудабыз",- деди. 

Чавушоглу Кыргызстан менен Түркиянын орток тарыхы, маданияты жана тегине да токтолуп, эки өлкөнүн маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо сыяктуу тармактарда кызматташуусун өнүктүрүүсү керектигин баса белгиледи.

Мевлүт Чавушоглу айрыкча Фетуллахчы террор уюму  менен күрөшүү тууралуу да сөз кылгандарына көңүлдөрдү буруп : "Өзгөчө ФЕТӨ мектептеринин өткөн күндө бизде болгондой  Кыргызстан үчүн да коркунуч экендигин боордош катары эске салдык",- деди.

Чавушоглу  Украина жана Афганистан сыяктуу аймактык жана глобалдык маселелердин да сүйлөшүлгөнүн белгиледи.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Кулубаев да эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык карым - катнаштарга 30 жыл болгондугун эске салып,  Түркиянын Кыргызстанга көрсөткөн колдоосун  дайыма сезгендерин айтты.

Кулубаев : "Түркиянын ФЕТӨ тууралуу сезимталдуулугун билебиз. Биздин коопсуздук уюмдарыбыз бул тууралуу  иштеп жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар