Эрдоган Чорумдагы массалык ачылыш аземинде сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, окуяларды трибунадан көрүүнүн ордуна чечүүчү жолдорду иштеп чыккандарын айтты.

1867510
Эрдоган Чорумдагы массалык ачылыш аземинде сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүк билдирүүсүн берди.

Президент Эрдоган кечээ Чорумдагы массалык ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Түркияга кызмат кылуу максатынан эч качан чегинбегендерин баса белгилеген Эрдоган:«Бизге кол салуу болгонуна карабастан, биз ар дайым жакшыга жана эң мыктысына жетүү үчүн күрөштүк. Жол, экология жана турак жай долбоорлору менен шаарларыбызды жандандырдык. Күнү-түнү катуу иштедик. Өлкөбүздүн ар бир карыш жеринде биздин мөөрүбүз бар экенин көрүп жатабыз. Биз жумуштарды жана кызматтарды өндүрөбүз, улутубуздун көйгөйлөрүнө чечимдерди чыгарабыз»,-деди.

«Биз кээде Украинада болобуз, кээде Орусияда болобуз. Эмнеге? Анткени биз Түркиябыз»,-деп айткан Эрдоган:

«Террор сазын кургатуу үчүн чек аранын аркы өйүзүндө террористтердин үстүнөн чыгып жатабыз. Биз муну башкалардын куралы менен эмес, өзүбүз чыгарган курал-жарак, тик учактар ​​менен жасап жатабыз.

Түркиянын ар бир тармакта доорду басып өткөнүн белгилеген Эрдоган, окуяларды трибунадан көрүүнүн ордуна чечүүчү жолдорду иштеп чыккандарын айтты.

Акыркы жылдарда жаратылыш газын чалгындоо иштерин тездеткендерин баса белгилеген президент Эрдоган:«Бизде 4 бургулоочу кеме бар. Биз жаратылыш газын чыгарган учурдан тартып бул өлкө таптакыр башкача болот»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар