Террористтерге каршы күрөш уланып жатат
Улуттук коргоо министрлиги билдирүү жасады.
1864022
![Террористтерге каршы күрөш уланып жатат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/2e08/4da1/d2b2/60bb9b3c22995.jpg?time=1718926594)
Сириянын түндүгүндөгү «Евфрат калканы» аймагына ок аткан жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 5 террорист Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан таасирсиз кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа баракчасындагы билдирүүдө: «Террористтердин ок атуулары жазасыз калбайт. Сириянын түндүгүндөгү «Евфрат калканы» аймагында ок чыгарган 5 ПКК/ЙПГ террористи Түрк куралдуу күчтөрүбүз тарабынан жок кылынды. Террористтерди өздөрү казган окопторго көмүүнү улантабыз!»,-деп кабарланды.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718926594)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.