"Эрен блокада - 29" операциясы башталды

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги тарабынан маалымат берилди.

1863828
"Эрен  блокада  - 29" операциясы башталды

Хаккариде  632 кызматкер катышкан Эрен блокада  - 29  жандармериянын шейит офицери   Синан Актай операциясы баштатылды. 

Ички иштер министрлиги тарабынан берилген маалыматта ПКК жикчил террордук уюмду өлкөнүн күн тартибинен чыгаруу жана аймактагы террористтерди жок кылуу максатында Хаккариде "Эрен блокада  - 29 жандармериянын шейит офицери Синан Актай" операциясынын баштатылгандыгы билдирилди. 

Операцияда жандармериянын атайын операциялары, полициянын атайын операциялары, жандармерия командирлери жана коопсуздук күчтөрүнөн турган 632 кызматкер жана 40 ыкчам топ катышууда.

 



Тектеш кабарлар