Эрдоган: «Дүйнөлүк азык-түлүк кризисин ашып өтүүгө олуттуу салым кошобуз»

Президент Эрдоган Кайсериде Фемаш металл өнөр жайынын кызматкерлери менен жолугушууда сөз сүйлөдү.

1858606
Эрдоган: «Дүйнөлүк азык-түлүк кризисин ашып өтүүгө олуттуу салым кошобуз»

Президент Эрдоган, «Дан ташуу» келишимине байланыштуу: «Жакынкы күндөрдө баштала турган кеме кыймылы менен дүйнөлүк азык-түлүк кризисинин ашылып өтүшүнө олуттуу салым кошобуз»,-деди.

Президент Эрдоган Кайсериде Фемаш металл өнөр жайынын кызматкерлери менен жолугушууда сөз сүйлөдү.

Эрдоган: «Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында экспортто 126 миллиард доллардан аштык, жылдын аягында 300 миллиард долларга жакындайбыз»,-деди.

Стамбулда кечээ кол коюлган «Дан ташуу» келишимин эске салган Эрдоган: «Жакынкы күндөрдө баштала турган кеме кыймылы менен дүйнөлүк азык-түлүк кризисин ашып өтүүгө олуттуу салым кошобуз»,-деп айтты.

Президент: «Биз Орусия (24-февралдан бери согушуп жаткан) менен Украинанын ортосунда тынчтык орногонго чейин дипломатиялык аракеттерибизди улантууга чечкиндүүбүз»,-деди.

Кечээ президент Эрдогандын жетекчилигинде Стамбулда Түркия, Орусия, Украина жана Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда «Украина портторунан эгин жана азык-түлүктөрдү коопсуз ташуу демилгеси документине» кол коюлду.



Тектеш кабарлар