Чавушоглу испаниялык кесиптешине көңүл айтты

Мевлүт Чавушоглу бүгүн Хосе Мануэль Альбарес менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1857386
Чавушоглу испаниялык кесиптешине көңүл айтты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Испаниянын тышкы иштер, Европа Биримдиги жана кызматташтык министри Хосе Мануэль Альбарестке өлкөдөгү катуу ысыктан улам каза болгондор үчүн көңүл айтты.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бүгүн Испаниянын тышкы иштер, Евробиримдик жана кызматташтык министри Хосе Мануэль Альбарес менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Чавушоглу Испаниядагы катуу ысыктан улам каза болгондор үчүн көңүл айтты жана уланып жаткан токой өртүнө каршы тилектештик көрсөтүлүшү керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар