Казына жана каржы министри Нуреддин Небати АКШнын казына министри менен жолугушту

Азык-түлүк коопсуздугу темасынын кылдаттык менен каралышы керектиги баса белгиленген жыйында Түркиянын бул багыттагы аракеттерине баа берилди.

1855638
Казына жана каржы министри Нуреддин Небати АКШнын казына министри менен жолугушту

Казына жана каржы министри Нуреддин Небати Индонезияда өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын каржы министрлери жана Борбордук банктын башкаруучуларынын жыйынында жолугушууларын улантууда.

Нуреддин Небати жыйындын  экинчи күнүндө АКШнын  казына министри Жанет Йеллен менен жолугушту.

Министр Небати жолугушууга байланыштуу Twitter баракчасынан маалымат берип : "Биз Йеллен менен  соода мамилелерибиздеги потенциалды  ишке ашыруу үчүн чечкиндүүлүк менен улантуу жана өз ара инвестицияларыбызды мындан ары да көбөйтүү зарылдыгын баса белгиледик",- деп билдирди. 

Бир тараптан министрликтен алынган маалыматка караганда жыйында энергетика жана чийки зат бааларынын өсүшү, энергия менен камсыздоо коопсуздугу жана азык-түлүк коопсуздугу сыяктуу глобалдык экономиканын алдында турган кыйынчылыктар тууралуу пикир алмашуулар болду.

Азык-түлүк коопсуздугу темасынын кылдаттык менен каралышы керектиги баса белгиленген жыйында Түркиянын бул багыттагы аракеттерине баа берилди.

Эки союздаш өлкөнүн ортосундагы акыркы мезгилде жогорку деңгээлдеги карым-катнаштарга  жаңы дем бергени жана бул ылдамдыктын өз ара түшүнүшүү менен сакталышы керектиги ортого салынып, терроризмге жана терроризмди каржылоого каршы дагы кызматташууга басым жасалды.



Тектеш кабарлар