Террор менен күрөшүү улантылууда
ПКК/ЙПГга мүчө 9 террорист жок кылынды.
1855555
Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 9 террорист жок кылынды. Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө : «Каарман Мехметчик террористтерге сокку урууну улантууда. Сириянын түндүгүндөгү "Тынчтык булагы" аймагына кол салууга даярданган ПКК/ЙПГга мүчө 9 террорист жок кылынды»,- деп билдирилди. Түрк куралдуу күчтөрү 2019 - жылдын 9 - октябрынан 25 - ноябрына чейин жүргүзгөн «Тынчтык булагы» операциясы менен Сириянын түндүгүн террордон тазалаган.