Эрдоган Пашинян менен сүйлөштү
Армениянын премьер-министри Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.
![Эрдоган Пашинян менен сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4c80/9829/39fd/62cc173341561.jpg?time=1718828710)
Президент Режеп Таййип Эрдоган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда Армениянын премьер-министри Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.
Президент Эрдоган да премьер-министр Пашинянды келе жаткан Вардавар майрамынан улам куттуктады.
Сүйлөшүүдө эки лидер Түркия менен Армениянын ортосундагы эки тараптуу нормалдашуу процессине маани бергендерин жана бул процесстин аймактагы тынчтык жана ырааттуулуктун бекемделишине да салым кошо тургандарын баса белгилешти.
Эрдоган менен Пашинян ушул алкакта атайын өкүлдөрдүн 1-июлдагы жолугушууларында макулдашылган темалардын жакынкы келечекте ишке ашуусу боюнча күтүүлөрүн да билдиришти.