Терроризмге каршы күрөш уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсү.
Сириянын түндүгүндө кол салууга аракет кылган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 6 террорист жок кылынды.
Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Сириянын түндүгүндөгү "Евфрат калканы" жана "Тынчтык булагы" аймактарына кол салууга аракет кылган ПКК/ЙПГга мүчө 6 террористтин таасирсиз кылынганы белгиленди.
Ирактын түндүгүндө да Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында жикчил террордук уюм ПККга мүчө 2 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Террорду жок кылуу жана улутубузду бул балээден куткаруу үчүн чечкиндүүбүз. Чечкиндүүлүк менен жүргүзүп жаткан операцияларыбыздын натыйжасында «Чеңгел-Кулпу» аймагында дагы 2 ПКК террористи жок кылынды. Операцияларыбыз акыркы террорист жок кылынганга чейин уланат»,-деп кабарланды.