Италиянын премьер - министри Түркияда
Президент Режеп Таййип Эрдоган Драгини борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте расмий азем менен тосуп алды.
1852317
Италиянын премьер-министри Марио Драги Түркияда...
Президент Режеп Таййип Эрдоган Драгини борбор шаар Анкарадагы президенттик комплексте расмий азем менен тосуп алды.
Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Италиянын премьер-министри Драги Түркия сапарынын алкагында президент Эрдоган менен Түркия - Италия үчүнчү өкмөттөр аралык саммитине жетекчилик кылат.
Саммитте Түркия - Италия карым-катнаштары бардык жагынан каралып, эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жана өнүктүрүү үчүн таштала турган кадамдар каралат.
Драгинин жолугушууларында Италия менен эки тараптуу карым-катнаштар, Түркия - Европа Биримдиги карым - катнаштары, аймактык жана глобалдык маселелер боюнча пикир алмашуу болот.