Эрдоган: "Келечектин Түркиясын балдар жана жаштар курат"

Президент Эрдоган Стамбулдагы "Үскүдар Бурхан Фелек" стадионунда 2021-2022-окуу жылынын аякташына карата өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөдү.

1844909
Эрдоган: "Келечектин Түркиясын балдар жана жаштар курат"

Президент Режеп Таййип Эрдоган келечектин Түркиясын балдар жана жаштардын кура турганын айтып, бардык мүмкүнчүлүктөрдү билим берүү тармагы үчүн мобилизациялап жатышканын билдирди.

Президент Эрдоган Стамбулдагы "Үскүдар Бурхан Фелек" стадионунда 2021-2022-окуу жылынын аякташына карата өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөдү.

Түркиянын жаркын келечегине болгон үмүттөрдүн кеңейип жатканын белгилеген президент Эрдоган: «Окуучулардын саны эң көп өскөн өлкө болуу менен бирге эл аралык сапат көрсөткүчтөрү боюнча эң көп өскөн өлкөлөрдүн катарындабыз»,- деди.

Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн көп кырдуу иш жүргүзүп жатышканын айткан Эрдоган, бардык бюджеттерде эң чоң үлүштү билим берүүгө бөлүшкөндөрүн билдирди.

«Ар бир окуу жылынын аягында биз аң-сезими ачык, көз карашы кенен, билимдүү муундарды көрүү бакытын сезип жатабыз» деген президент: «Келечектин инженерлери, врачтары, мугалимдери бүгүнкү балдарыбыздын арасынан чыгат. Көздөрү жүрөгүбүздү жылыткан бул балдар жана жаштар келечектин Түркиясын курушат. Бул үчүн 20 жылдан бери билим берүү деп атып келе жатабыз. Бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү билим берүү үчүн мобилизациялап жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар