Велосипед менен дүйнө саякатына чыккан аргентиналык жуп Меке көлүндө

Фотограф Карла Валес жана  жубайы, тамак-аш инженери Леонардо Сантинин 2019-жылы баштаган дүйнө саякатынын акыркы аялдамасы Карапынар болду.

1843212
Велосипед менен дүйнө саякатына чыккан аргентиналык жуп Меке көлүндө
arjantinli cift meke golu1.jpg
arjantinli cift meke golu.jpg

Велосипед менен дүйнө саякатына чыккан аргентиналык жуп Коньянын Карапынар районундагы Меке кратердик көлүнө лагерь курду.

Фотограф Карла Валес (34) жана  жубайы, тамак-аш инженери Леонардо Сантинин (34) 2019-жылы баштаган дүйнө саякатынын акыркы аялдамасы Карапынар болду.

«Пири» аттуу иттери менен Меке көлүндө күндүн батышын  көрүп көп сүрөткөн тарткан аргентиналык жуп күндө 8 саат велосипед тээп 25 миң километр жол жүрүшкөндөрүн айтты.

Карла Валес : «Велосипед менен саякатка чыктык. Анткени экономикалык  жана экологиялык жактан   айлана  - чөйрөнү булгабайт. Чатырда жашап жатабыз. Бул адамдарга жакын болуубузга мүмкүнчүлүк түзүүдө. Меке көлү фотографтар үчүн кооз жер жана жарыгы да сонун»,- деди.

Түрк улутунун меймандос экендигин белгилеген Карла Валес : «Дүйнө кыдыруу идеясын ишке ашыруу үчүн, биз велосипедибизге жашоо үчүн маанилүү деп ойлогон бир нече нерселерди жүктөдүк жана саякатыбызды баштадык. Көптөгөн коркуу жана шектенүү менен белгисиздикке карай жолго чыкканыбызды билгенбиз. Бирок 3 жылда мыкты адамдар менен тааныштык. Эмне менен жана ким менен жолугушарыбызды билбестен, турмушубуздагы бир гана билген нерсе дүйнөнү кыдыруу чечкиндүүлүгүбүз эле. Барган өлкөлөр тууралуу көптөгөн нерселерди билдик. Адамдар менен тааныштык. Бир жаым жылдан бери Түркиядабыз. Бир топ шаарды кыдырдык. Түркия унутулбай турган өлкө»,- деди.



Тектеш кабарлар