Хулуси Акар Румыниянын президенти Клаус Вернер Йоханнис тарабынан кабыл алынды

Хулуси Акар башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер менен барган Бухарестте жолугушууларды өткөрдү.

1836877
Хулуси Акар Румыниянын президенти Клаус Вернер Йоханнис тарабынан кабыл алынды

Расмий сапарынын алкагында Румынияга барган улуттук коргоо министри Хулуси Акар президент Клаус Вернер Йоханнис тарабынан кабыл алынды.

Хулуси Акар башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер менен барган Бухарестте жолугушууларды өткөрдү. 

Коргоо министри Василе Динжу менен жолугушкандан кийин Контрочени сарайына барган Акар бул жерде Рмуниянын президенти Йоханнис тарабынан кабыл алынды. 

Эки тараптуу жана аймактык темалар менен бирге аскердик билим берүү сыяктуу тармактарда кызматташуу темалары каралган жолугушууда Акар президент Режеп Таййип Эрдогандын саламын айтты. 

Акар Түркия менен Румыниянын ортосундагы карым-катнаштарды мындан ары да өнүктүрүү үчүн учурдагы потенциалга басым жасап, Йоханниске көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Хулуси Акар Румыниянын премьер-министри Николае Чиука менен да жолукту.

 

 



Тектеш кабарлар