Эрдоган: «Түркия-Пакистан карым-катнаштарын стратегиялык көз караш менен дагы да бекемдөөгө даярбыз»

Президент Эрдоган менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф борбор шаар Анкарада делегациялар ортосундагы жекеме-жеке жолугушуулардан жана келишимдерге кол коюу аземинен кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

1836491
Эрдоган: «Түркия-Пакистан карым-катнаштарын стратегиялык көз караш менен дагы да бекемдөөгө даярбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түркия-Пакистан карым-катнаштарын эки өлкөнүн тарыхына, достугуна жана потенциалына ылайык стратегиялык көз караш менен дагы да бекемдөөгө даярбыз»,-деди.

Президент Эрдоган менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф борбор шаар Анкарада делегациялар ортосундагы жекеме-жеке жолугушуулардан жана келишимдерге кол коюу аземинен кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Президент Эрдоган, Шарифтин премьер-министр болгондон кийин биринчи сапарын Түркияга жасаганын белгилеп, жаңы кызматы менен куттуктады.

Түркия менен Пакистандын ортосундагы достук жана бир туугандык байланыштарынын тамырынын тарыхта терең экенине көңүл бурган Эрдоган: «Биз Эгемендүүлүк үчүн согушубузда Түштүк Азия мусулмандарынын колдоосун эч качан унуткан жокпуз жана эч качан унутпайбыз. Биз пакистандык аялдардын Улуттук күрөштө (1919-1923) септерин жана зер буюмдарын бизге тартуулаган кайрымдуулуктарын эч качан унуткан жокпуз жана унутпайбыз. Бул түптүү байланыштардан күч алган карым-катнаштарыбыз, Пакистандын көз карандысыз мамлекет катары түзүлгөн 1947-жылдан бери достуктун, бир туугандыктын негизинде өнүгүп келе жатат»,-деп айтты.

Түркия менен Пакистандын ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын быйыл 75 жылдыгын белгилегенин эске салган Эрдоган, премьер-министр Шариф менен жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушууларында эки тараптуу карым-катнаштарды, аймактык жана глобалдык маселелерди кеңири талкуулагандарын айтты.

Жаңы типтеги коронавирус эпидемиясына карабастан эки тараптуу сооданы өнүктүрө алышкандарын белгилеген Эрдоган, 2011-жылдан бери биринчи жолу көлөмдү 1 миллиард доллардан ашкандарын белгилеп, сөзүн төмөнкүчө улантты: «Белгилүү болгондой, биздин максатыбыз 5 миллиард доллар. /…/. Биз кызматташтыгыбызды, өзгөчө туризм, билим берүү, логистика, жарандык авиация, байланыш жана маалымат технологиялары сыяктуу тейлөө тармактарында жакшыртуу үчүн иштеп жатабыз. Шариф мырзанын жолугушуулары. Бүгүн биздин бизнес өкүлдөрүбүз менен болгон жолугушуулар биздин өз ара соодабызды жана инвестицияны көбөйтүүгө салым кошот»,-деп ишенем.

Түркия менен Пакистандын табигый өнөктөш экенин билдирген конок премьер-министр эки өлкөнүн тең мүмкүнчүлүктөрү жана кыйынчылыктары бирдей экенин айтты.

Шариф Пакистандын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) элинин ишин ар дайым күчтүү түрдө колдогондугун жана алардын мыйзамдуу каалоолорун колдогондугун белгиледи.

Пакистандын террор менен күрөшүүдө ар дайым Түркиянын жанында болгонун баса белгилеген премьер-министр Шариф: «Түркиянын душманы чындыгында ар дайым Пакистандын душманы. Биз муну айтып жатабыз. Биз (Түркияга каршы) бул коркунучтарга ар дайым каршы болгонбуз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар