Чавушоглу француз кесиптеши менен сүйлөштү

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.

1834581
Чавушоглу француз кесиптеши менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Франциянын тышкы иштер министри Катрин Колоннаны жаңы кызматы менен куттуктады.

Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө, «Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бүгүн Франциянын тышкы иштер министри Катрин Колонна менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө министр Чавушоглу кесиптешин жаңы кызматы менен куттуктады»,деген сөздөр камтылган.

Билдирүүдө Чавушоглунун француз кесиптеши менен болгон баарлашуусунда эки тараптуу карым-катнаштардын да сүйлөшүлгөнү белгиленди.

20-майда жума күнү жарыяланган президент Эммануэль Макрондун жаңы кабинетинде Франциянын Лондондогу элчиси Катрин Колонна Европа жана тышкы иштер министри болуп дайындалды.



Тектеш кабарлар