Түрк аба жолдору Стамбул - Бухара каттамдарын баштайт

Каттамдар 7 - июндан тарта башталат.

1833315
Түрк аба жолдору Стамбул  - Бухара каттамдарын баштайт

Түрк аба жолдору Стамбул  -  Бухара каттамдары 7 -  июндан тарта башталат. 

Өзбекстандын Самарканд жана Ташкент шаарларына түздөн түз учкан түрк аба жолдору өлкөнүн негизги шаарларынан Бухарага да  жуманын эки күнү Стамбулдан каттамдарын баштайт. 

Каттамдын ачылышы тууралуу түрк аба жолдорунун соцтармактарынан маалымат берилип : "Жаңы багытыбыз Бухара үчүн каттамдарыбыз башталууда. 7 -  июндан тарта баштала турган каттамдарыбыздан ордуңузду ээлеп койсоңуз болот",- деп билдирилди. 

 



Тектеш кабарлар