Эрдоган : "Майыптар үчүн 27 миң 259 спорттук шайман тапшырылат"

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада  президенттик комплексте атайын билим берүү мектептерине спорттук шаймандарды тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

1826201
Эрдоган : "Майыптар үчүн 27 миң 259 спорттук  шайман тапшырылат"
erdogan engelliler.jpg
erdogan engelliler.jpg
erdogan engelliler.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган майып жарандардын кыялдарын турмушка ашыруусу үчүн  бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалангандарын белгиледи.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада  президенттик комплексте атайын билим берүү мектептерине спорттук шаймандарды тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

Сөзүнүн башында бардык майып жарандарды майыптар жумалыгы менен куттуктаган Эрдоган  майыптардын кыялдарын ишке ашыруулары үчүн   бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышкандарын  баса белгиледи.

Майып жарандар пайдалануу үчүн  өлкөнүн ар бир облусуна 27 миң 259 даана спорттук  шайман жиберишерин айткан Эрдоган : «Ушундайча миңдеген майып окуучубузду спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүгүнө  жеткиребиз»,- деди.

Майып жарандардын бул мүмкүнчүлүктөрдү мыкты колдонуу менен башта спорт болгон турмушта бардык тармакта ийгиликтүү боло алышарына ишенгендигин баса белгилеген президент : «Токио 2020, 13 тармак жана 87 спортчу менен Паралимпиадалык оюндар тарыхыбызда эң көп  спортчу катышкан олимпиада болду. Спортчуларыбыз дүйнөлүк, Европа жана башка эл аралык чемпиондуктарда бир нече медалга ээ болуп элибизди сыймыктандырды. 2024  Париж олимпиадалары тууралуу даярдыктарыбызды азыртадан баштадык. Парижде спортчу саны жана багындырылган медаль саны менен да буюрса жаңы бир рекордго жетерибизге ишенем»,- деди.



Тектеш кабарлар