Террор менен күрөш уланууда
Улуттук Коргоо министрлиги билдирүү жасады.
1825247
Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 10 террорист таасирсиз кылынды.
Улуттук Коргоо министрлигинин Твиттер баракчасындагы билдирүүдө: «Кол салууга даярданып жаткан террористтерди аныкталган жерде таасирсиз кылууну улантуудабыз. «Тынчтык булагы» жана «Евфрат калканы» аймактарына кол салууга даярданган ПКК/ЙПГга мүчө дагы 10 террорист Түрк куралдуу күчтөрүбүз тарабынан жок кылынды»,- деп маалымдалды.