Чавушоглу Лайчак менен жолугушту

Мевлүт Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан маалымат берди.

1824812
Чавушоглу Лайчак менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Европа Биримдигинин (ЕБ) Батыш Балкандар боюнча атайын өкүлү Мирослав Лайчак менен Балкан өлкөлөрүндөгү абалды жана Украина баш болгон аймактык маселелерди талкуулады.

Мевлүт Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, борбор шаар Анкарада Европа Биримдигинин Белград-Приштина диалог процесси жана Батыш Балкандар боюнча атайын өкүлү Мирослав Лайчак менен жолукканын айтты.

Жолугушууга байланыштуу тышкы иштер министри: "Мирослав Лайчак менен Балкан өлкөлөрүндөгү абалды жана Украина баш болгон аймактык маселелерди талкууладык",-деди.



Тектеш кабарлар