Эрдоган майрамдын үчүнчү күнү да телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн улантты
Сүйлөшүүлөрдө президент Эрдоган менен маектештери бири бирин Рамазан майрамы менен куттукташты.
1822162
Президент Режеп Таййип Эрдоган өлкө лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн Рамазан майрамынын үчүнчү күнүндө да улантты.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка ылайык, президент Эрдоган Индонезиянын президенти Жоко Видодо жана Ливиянын улуттук биримдик өкмөтүнүн премьер-министри Абдулхамид Дибейбе менен өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүлөрдө президент Эрдоган менен маектештери бири бирин Рамазан майрамы менен куттукташты.