Антальяда туризм кыймылдуулугу

1-январдан 30-апрелге чейин шаарга 1 миллион 112 миң 383 чет элдик турист келди.

1821940
Антальяда туризм кыймылдуулугу

Дүйнөнүн маанилүү туризм багыттарынын арасында орун алган Антальяда өзгөчө Германия жана Англия баш болгон Европа рыногунда байкалган активдүүлүк туризмчилерди кубантты.

Деңизи, куму, күнү сыяктуу сапаттуу кызматы жана коопсуз туризми менен айырмаланган Анталья ички рынок менен катар ар башка өлкөлөрдөн келген туристтерди кабыл алууда.

Шаардагы мейманканаларда эс алган коноктор табигый кооздуктарды жана түрк маданиятын, ошондой эле тарыхый жана туристтик жерлерди көрүүгө мүмкүнчүлүк табууда.

1-январдан 30-апрелге чейин шаарга 1 миллион 112 миң 383 чет элдик турист келди.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 423 миң 773 чет элдик турист зыярат кылган Антальяда, быйыл өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 162 пайыздык өсүү катталды.

1-январдан 30-апрелге чейин шаарга эң көп турист жөнөткөн өлкөлөр 329 миң 96 конок менен Германия, 150 миң 944 турист менен Англия жана 143 миң 485 турист менен Орусия болду. Европа рыногунан келген суроо-талаптын күн өткөн сайын көбөйүшү туризмчилерди кубандырды.

Кээ бир англиялык туроператорлор Түркияга каттамдарга кошумча квоталарды киргизип жатса, Орусия менен болгон эки тараптуу каттамдардын башталышы менен орус базарынын бул айда жандануусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар