Туристтер Айгүл гүлүн көрүү үчүн Хаккариге келишти
Үзүмжү айылына жакын жерде, 1900 бийиктикте жаздын келиши менен гүлдөгөн Айгүл гүлдөрү туристтердин көңүлүн бурууда.
![Туристтер Айгүл гүлүн көрүү үчүн Хаккариге келишти](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6e63/857e/6986/626a5fb98a7ed.jpg?time=1718912737)
![ters lale hakkari.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/e906/bbd3/a4e6/626a604f826f7.jpg?time=1718912737)
![tayland turist hakkari ters lale.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6e63/857e/6986/626a5fb98a7ed.jpg?time=1718912737)
Таиланддык 2 турист социалдык медиадан көрүп суктанган Айгүл гүлдөрүн жана шаардын жаратылыш кооздугу үчүн Хаккариге келишти.
Туристтер альпинисттер менен чогуу Айгүл гүлү өскөн аймакты кыдырып, бул көз ирмемдерди уюлдук телефондорунун камералары менен тартып алышты.
Үзүмжү айылына жакын жерде, 1900 бийиктикте жаздын келиши менен гүлдөгөн Айгүл гүлдөрү туристтердин көңүлүн бурууда.
Жило Сат көлдөрү жана мөңгүлөрү альпинизм жана Табигый Спорт Клубу Ассоциациясынын (CISAD) уюштуруусу менен альпинисттер Таиланддан келген Ладиимай Нс жана Тича Пройсурин менен бирге таңга маал Айгүл өскөн Гүл өрөөнүнө жөнөштү.
Туристтер менен 30 альпинист андан соң Айгүл гүлү жайгашкан аймакка 2 саатта чыгышты. Таиланддык туристтер Айгүл гүлдөрүнүн арасында фотосүрөткө түшүп, социалдык тармактарда жолдоочулары менен бөлүшүштү.
Жылына 15 күн гүлдөп турган, жоголуп бара жаткан Айгүл гүлүн үзгөндөргө да административдик айып салынат.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718912737)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.