Эрдоган Мухсин Караны куттуктады

Президент Эрдоган, Шаркышла Равза мечитинин имам хатиби Мухсин Кара менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1816213
Эрдоган Мухсин Караны куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сауд Арабияда өткөрүлгөн Куранды жана азанды мыкты окуу сынагында азан тармагында биринчиликти алган Мухсин Караны куттуктады.

Президент Эрдоган, Шаркышла Равза мечитинин имам хатиби Мухсин Кара менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Эрдоган азан тармагында биринчиликти алган Караны куттуктап, ийгиликтеринин уланышын каалады.

Мухсин Кара буга чейин Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси (ТРТ) уюштурган «Куран окуу жарышында» 2-орунду алган болчу.



Тектеш кабарлар