Эрдоган Иорданиянын падышасы менен сүйлөштү
Президент Эрдоган Иорданиянын падышасы Абдуллах II менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Иорданиянын королу 2-Абдуллах менен сүйлөшүүсүндө, Рамазан айында Израилдин кийлигишүүсүнүн себебинен Палестинада болуп жаткан окуялардын өкүнүчтүү жана тынчсыздандыруучу экенин белгиледи.
Президент Эрдоган Иорданиянын падышасы Абдуллах II менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Эрдоган социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, падыша Абдуллахка операция болгонуна байланыштуу каалоо-тилектерин айтып, ага ден соолук жана бакубатчылык каалаганын маалымдады.
Рамазан айында Израилдин кийлигишүүсү менен Палестинада болгон окуялардын тынчсыздандырып жатканын белгилеген Эрдоган: «Абдуллах мырза менен Түркия жана Иордания катары аймакка тынчтык орнотуу үчүн таштала турган кадамдар боюнча тыгыз кызматташууну макулдаштык»,-деди.