Жергиликтүү инсулин үчүн аракетке өтүлдү

Кант диабети менен ооруган бейтаптар үчүн инсулин Түркиянын ата мекендик өндүрүшү болот.

1812024
Жергиликтүү инсулин үчүн аракетке өтүлдү

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Түркиянын Дары-дармек жана медициналык аппараттар агенттиги TİTCKнын  кант диабети менен ооруган бейтаптар үчүн өтө маанилүү болгон ата мекендик инсулин өндүрүшү үчүн фирмаларды чакыргандыгын билдирди. 

Министр Кожа  твиттерден берген билдирүүсүндө : "Инсулин Түркияда өндүрүлөт. Өнөкөт оору болгон кант диабетинде өтө маанилүү болгон инсулиндин ата мекендик өндүрүшү үчүн чара көрүүдөбүз. Түркиянын Дары-дармек жана медициналык аппараттар агенттиги фирмаларды чакырды. Ковид  - 19  эпидемиясына каршы өз вакцинабызды өндүргөндөн кийин кезек  инсулинди локалдаштыруунун убактысы келди",- деди. 

 



Тектеш кабарлар