Түркиянын клавиатура командасы дүйнө чемпиону
Финал 20 өлкөдөн 995 атаандаштын катышуусу менен 28-февраль-11-апрель күндөрү өткөрүлдү.
![Түркиянын клавиатура командасы дүйнө чемпиону](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/704b/b567/be23/62557f0f0a429.jpg?time=1718957481)
Түркиянын Улуттук компьютер клавиатура командасы быйыл 20-жолу уюштурулган Дүйнөлүк интернет клавиатура чемпионатынын финалында 24 медалдын 11ин утуп, дүйнө чемпиону болду.
Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык Маалымат иштетүү жана байланыш федерациясынын (INTERSTENO) Түрк тобунун төрагалыгынын билдирүүсүнө караганда, финалдар 20 өлкөдөн 995 атаандаштын катышуусу менен 28-февраль-11-апрель күндөрү өткөрүлдү.
Эне тилде жана көп тилде (17 тилде) айырмаланган эки жарыш түрү жана 4 жаш категориясы боюнча 8 сынакта эң мыкты 3 жарышчыга жалпы 24 медаль ыйгарылды. Түркиянын Улуттук компьютер клавиатура командасы 2 дүйнөлүк рекорд, 3 чемпиондук, 5 экинчилик жана 3 үчүнчүлүк болгон жалпы 11 медалды багындырып, команда катары быйыл да дүйнө чемпиону болду.
Калган 13 медалдын ичинен Чехия 5, Япония 2, Орусия 2, АКШ 2, Польша 1, Италия 1 медалга ээ болду.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718957481)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.