Түркия Украинага гуманитардык жардам көрсөтүүдө

Гуманитардык жардам материалдарын аймакка жеткирүү улантылууда.

1811578
Түркия Украинага гуманитардык жардам көрсөтүүдө

Орусия-Украина согушу башталгандан кийин Түркия ушул убакка чейин аймакка 67 фуралык гуманитардык жардам жана 1 мобилдик ашкана фурасын жөнөттү.

Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) билдирүүсүнө караганда, Түркия тарабынан Украина элинин чукул гуманитардык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн AFADдын координациясында, тиешелүү мекеме, уюм жана берки жарандык коомдук уюмдардын колдоосу менен даярдалган гуманитардык жардам материалдарын аймакка жеткирүү улантылууда.

Түркия тарабынан 27-февралда башталган гуманитардык жардам мобилизациясынын алкагында аймакка бүгүнкү күнгө чейин AFAD төрагалыгы тарабынан 21 фура жана 1 мобилдик ашкана фурасы, Саламаттыкты сактоо министрлиги, муниципалитеттер, Түрк Кызылайы менен жеке сектор жана бейөкмөт уюмдар тарабынан жалпы 67 фуралык гуманитардык жардам жана 1 көчмө ашкана фурасы жөнөтүлдү.

Көчмө ашкана фурасы Румыниянын Сирет чек ара бекетинде 12-18-март күндөрү ысык тамак берди.

2022-жылдын 20-мартынан тарта да фура Украинанын Львов шаарында ысык тамак бере баштады.

Украинада гуманитардык муктаждыктарды аныктоо, гуманитардык жардам иштерин жүргүзүү жана Түркиядан жөнөтүлгөн жардамдарды координациялоо максатында Сирет жана Львовдо 4 кишилик AFAD гуманитардык жардам тобу ишин улантууда.

Бүгүнкү күнгө чейин Сирет чек ара капкасында болжол менен 210 миң даана гуманитардык жардам материалы таратылды.



Тектеш кабарлар