Эди Рамадан Түркия тууралуу билдирүү

Албаниянын премьер  - министри Эди Рама Түркиянын бүткүл Европа үчүн абдан маанилүү коопсуздук чекити экенин айтты.

1810725
Эди Рамадан Түркия тууралуу билдирүү

Албаниянын премьер  - министри Эди Рама Түркиянын бүткүл Европа үчүн абдан маанилүү коопсуздук чекити экенин айтты.

Эди Раманын Германиянын борбор шаары Берлинде кесиптеши Олаф Шольц менен жолугушуусунан кийин биргелешкен пресс - жыйын өткөрүлдү.

Бир журналисттин  Россия, Кытай, Түркия же араб өлкөлөрү сыяктуу мамлекеттердин Батыш Балкандагы таасири акыркы эки жылда күчөп же күчөбөй тургандыгына байланыштуу суроосуна жооп берген Рама Батыш Балкандарда таасири боло турган бардык актерлордун же үчүнчү өлкөлөрдүн абалынын бирдей эмес экендигин белгиледи. 

Россиянын аймактагы таасиринин өзгөчө бүгүнкү шарттарда бир маселе экенин билдирген Рама мунун Европа Биримдигинин Батыш Балкандардагы бардык өлкөлөрдү өзүнө жакындатуусу керектигин көрсөткөнүн айтты.

Түркиянын үчүнчү актер эмес, Албаниянын стратегиялык өнөктөшү экенин баса белгилеген Рама : «Менин көз карашым боюнча  Түркия бүт Европа үчүн абдан маанилүү коопсуздук чекити»,-деди. 

Рама Перс булуңу өлкөлөрү менен көп жылдан бери достук мамиледе экендерин да  баса белгиледи.



Тектеш кабарлар