Түркияда Ковид-19га каршы күрөш уланып жатат
Бир күндө 172 миң 461 тест жасалып, 5 миң 609 кишинин жыйынтыгы позитив болуп чыкты.
1810096
Түркиянын коронавируска (Covid-19/ Ковид-19) каршы күрөшү уланып жатат. Акыркы 24 саатта каза болгон адамдардын саны 32 деп белгиленди.
Бир күндө 172 миң 461 тест жасалып, 5 миң 609 кишинин жыйынтыгы позитив болуп чыкты.
Акыркы 24 саатта айыккан кишилердин саны 7 миң 315 болду.
Түркияда ушул убакка дейре биринчи, экинчи жана үчүнчү доза вакцина алгандардын саны болсо 147 миллион 211 миң 194кө жетти.