Эрдоган Япониянын премьер-министри менен сүйлөштү
Сүйлөшүүдө Türkiye-Япония карым-катнаштарын өнүктүрө турган кадамдар жана өзгөчө Орусия-Украина согушу менен аймактык маселелер каралды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Япониянын премьер-министри Кишида Фумио менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, сүйлөшүүдө Türkiye-Япония карым-катнаштарын өнүктүрө турган кадамдар жана өзгөчө Орусия-Украина согушу баш болгон аймактык маселелер каралды.
Сүйлөшүүдө Эрдоган Türkiye-Япония Экономикалык өнөктөштүк келишиминин эң кыска мөөнөттө жыйынтыкталышынын пайдалуу болоорун белгилеп; энергетика, азык түлүк, айыл чарба, алдыңкы технология, коргонуу жана космос өнөр жайы тармактарында кызматташуу потенциалын активдештирүүнү каалашкандарын айтты.
Орусия-Украина согушуна байланыштуу абалдарга да баа берилген сүйлөшүүдө Эрдоган, ок атышпоо жана гуманитардык коридорлорду ачуу үчүн демилгелерин улантып жатышкандарын маалымдады.